Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 12-сентябры № 529 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутууну каржылоо маселелерин мамлекеттик тапшырыктын алкагында чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 162 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 “Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
“12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылуучу окутуучулардын эмгек акысы жыл сайын бекитилүүчү окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруунун алкагында белгиленет.”;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“
4.
Окутууга мамлекеттик тапшырыктын алкагында окутулуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар
350
350
300
”.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыктын бюджетин түзүүдө пайдалануу үчүн бир угуучуну 1 академиялык сааттын ичинде окутуу наркынын ченеми 28,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу” 2215-беренесинин чыгымдарды экономикалык классификациялоо 22153100 “Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдары” элементин каржылоону артыкчылыктуу тартипте ишке ашырсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы №30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын…Постановление · 27.01.2011 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 162 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2013 · № 162 · Күчүн жоготкон