# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 532
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17608/edition/582346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96985.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96985

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-сентябры № 532 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Ош шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:

- 2, 3, 4-пункттарда "2", "3", "4" деген цифралар тиешелүү түрдө "3", "4", "5" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"

4-1

Адис

1

\-

"; "Бардыгы" позициясындагы "12" деген цифра "16" деген цифрага алмаштырылсын.

2. Ош шаардык кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каралаары белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
