# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 541
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17605/edition/650958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96982

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-сентябры № 541 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацындагы "1-20" цифралары "1 - 20-1" цифралары менен алмаштырылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 20-1 тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

Дж.К. Оторбаев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна № 20-1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясынын кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

№

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналар (сом менен)

1

Башкы редактор

10000

2

Директор - башкы редактордун биринчи орун басары, жооптуу редактор

9200

3

Башкы редактордун орун басары

8800

4

Редакция башчысы

8000

5

Жетектөөчү редактор

7200

6

Илимий редактор

5600

7

Редактор

4800

8

Оператор (кенже редактор)

4000

9

Бөлүм башчы, сүрөт редактору, улуу бухгалтер

7200

10

Техникалык редактор, системалык администратор, калыптоочу улуу оператор

5600

11

Калыптоочу оператор

4800

12

Референт-катчы, бухгалтер-кассир

4000

"
