# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 520
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96976>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17601/edition/1259193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96976

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-сентябры № 520 Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомдорунун редакциясына ылайык) Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселесин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксаттар үчүн лицензиялык акынын өлчөмүнүн убактылуу прейскуранты.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 4 жыл колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксат берүүлөргө лицензиялык жыйымдын өлчөмүнүн УБАКТЫЛУУ ПРЕЙСКУРАНТЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Аталышы

Чен бирдиги

Баасы (сом)

I. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат

1

Радио электрондук каражаттарды (РЭК), жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ) радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр-магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды

Бир уруксат үчүн

299

II. Жыштык ыйгаруу

1

Электр-магниттик шайкештик экспертизасы

2305

2

Мекемелер аралык макулдашуулар

814

3

Эл аралык макулдашуулар

814

4

Радиоконтроль

1627

5

Радио жыштыкты колдонууга уруксат берүү:

Бир жыштык ыйгарууга

5.1

- РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын курамына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка;

488

5.2

- радиотелефондорго;

244

5.3

- 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга;

203

5.4

- кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга

54

6

Радио жыштыкты пайдаланууга уруксат берүү мөөнөтүн узартуу

Бир уруксат үчүн

6.1

- РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын карамагына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка

231

6.2

- радиотелефондорго

203

6.3

- 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга

163

6.4

- кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга

54

Эскертүү: Жыштык ыйгаруу бөлүп берүү тууралуу арыздарды кароодо РЭК жана ЖЖТ электр-магниттик шайкештигине экспертиза жүргүзүү иштери аткарылат, макулдашуулардын жана радиоконтролдун баасы (радиоконтроль жүргүзүлгөн учурда) уруксат берүүнүн баасына кошулат.
