# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17599/edition/835970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (28.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96973

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-сентябры № 523 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, "Почта байланышы жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
