Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о «Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына Эрмек Ирискулович Исмаиловдун даттануусун кароо жѳнүндѳ»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ 2016-жылдын 8-апрели Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о «Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына Эрмек Ирискулович Исмаиловдун даттануусун кароо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаевдин курамында, соттук отурумдун катчысы С. А. Джолгокпаеванын катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда Эрмек Ирискулович Исмаиловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о «Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты. Даттанууда келтирилген жүйѳлѳрдү жана жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун ѳтүнүчү боюнча иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 8-майында жаран Э. И. Исмаиловдун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесин конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн. Келтирилген материалдардан келип чыккандай, 2009-жылдын 30-мартындагы №103 «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «мыйзамда белгиленген эмгек акыны төлөөнүн эң тѳмѳнкү өлчөмү» деген сөздөр «эсептик көрсөткүчү» деген сөздөр менен алмашылды. Арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин эски редакциясы эң тѳмѳнкү эмгек акынын жогорулашы менен зыяндын ордун толтуруунун этаптуу жогорулашын кепилдеп турчу деп белгилейт. Бирок, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесине мындай өзгөртүү киргизүү менен, багуучусунан ажырагандыгы боюнча зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөө өлчөмү жогорулатылган эмес, анын натыйжасында жарандардын бул категорияларынын кызыкчылыктары корголбогон бойдон калган. Ушуга байланыштуу арыздануучу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 39-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы жаран Э. И. Исмаиловдун кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, 2015-жылдын 18-июнунда №32-о аныктамасы менен тѳмѳнкү негиздер боюнча кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тарткан. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 3-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулугу Конституциялык палата тарабынан мурда текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен жаран И. Дженалиеванын буга окшогон талабы каралган, анын жыйынтыгы боюнча 2014-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнө 2009-жылдын 30-мартындагы №103 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таануу жѳнүндѳ чечим кабыл алынган. Бул учурда судьялар коллегиясы, аталган чечим азыркы убакта өз күчүн сактаарын белгилеген, буга байланыштуу бул өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Э. И. Исмаилов судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о аныктамасы менен макул болбостон, 2016-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Арыздануучу өз даттануусунда, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренесинин ченемдик жобосун келтирет, ага ылайык зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдүн өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн жогорулагандыгына кѳбѳйтүлѳт, ал анын пикири боюнча, алгылыксыз болуп саналат. Жарандардын (майыптардын, жашы жете элек балдардын жана улгайган адамдардын) кызыкчылыгында зыяндын ордун толтуруу төлөмүнүн өлчөмү 2006-жылдын 1-январынан баштап көбөйтүлө элек, анткени «Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын өзүндө анын жогорулашы каралган эмес. Ошондой эле арыздануучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренеси индексация бөлүгү боюнча, аны ишке ашыруу механизминин жоктугунан улам иштебейт деп эсептейт. Буга байланыштуу, Э. И. Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 234-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 39-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о аныктамасын жокко чыгарып жана анын өтүнүчүн маңызы боюнча кароо үчүн өндүрүшкө алууну суранат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын Э. И. Исмаиловдун ѳтүнүчүн ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ негиздемелерди карап чыгып, төмөнкү тыянактарга келди. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгү менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартканга укуктуу болгон учурдагы бир катар негиздери каралган. Ошентип, мындай негиздердин бири, кайрылууга коюлган маселе боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын колдонуудагы актысынын бар болушу саналат. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын тыянактары негизделген болуп саналат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о «Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 18-июнундагы №32-о «Жаран Эрмек Ирискулович Исмаиловдун кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 27.01.2006 · № 13
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.03.2009 · № 103 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон