КР Өкмөтүнүн «Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-сентябры № 515 Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Анкара шаарында 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64