Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-августу № 509 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-ж., № 8, 248-б) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10-статья. Жолдорду долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдорду долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана кармоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Курулган, реконструкцияланган жана оңдолгон жолдор жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.".
2. 11 жана 14-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-статья. Транспорт каражаттарын техникалык кароо
1. Техникалык кароодон өтүүгө тийиш болгон транспорт каражаттары:
1) ишкердик жүргүзүүдө пайдалануучу транспорт каражаттары:
- жүргүнчүлөрдү ташуучулар, анын ичинде жеңил автомашиналар (такси);
- жүк ташуучулар;
- опурталдуу жана атайын жүктөрдү ташуучулар.
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, таштанды ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
3) юридикалык жактардын балансында турган транспорт каражаттары.
2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
- жүргүнчүлөрдү ташуучулар, опурталдуу жана атайын жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (такси), юридикалык жактардын балансында турган жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучу транспорт каражаттары, атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары - чыгарылган жылына жараша;
3 жылга чейин - кароодон өтпөйт; 3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу; 7 жылдан ашык - жыл сайын. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынан тышкары бардык башка транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу тартипте өтүшөт.
3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор ишке ашырышат.
Транспорт каражаттарынын техникалык кароосун жүзөгө ашыруучу диагностикалык борборлор техникалык регламентте белгиленген транспорт каражаттарына талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, контролдук-өлчөөчү аспаптар менен жабдылууга тийиш. Диагностикалык кызматтарды көрсөтүүчү техникалык тейлөө станциялары техникалык кароо жүргүзүүгө укугу жок.
4. Ушул Мыйзам менен каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүүгө жоопкерчилик бул транспорттук каражатты пайдаланган мезгил ичинде эксплуатантка жүктөлөт.
Автотранспорт каражаттарын тиешелүү түрдө техникалык кароодон өткөрбөө, ушул Мыйзамдын жана техникалык регламенттердин талаптарын аткарбагандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат. Техникалык кароону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4. 18-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4544-V «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 04.12.2014 · № 4544-V
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 4465-V "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 13.11.2014 · № 4465-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4368-V "«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү…Постановление · 08.10.2014 · № 4368-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 10-декабрындагы № 4557-V "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү…Постановление · 10.12.2014 · № 4557-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4526-V «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 04.12.2014 · № 4526-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон