Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-сентябры № 512 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу сарптоону камсыздоо, социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн оптималдаштыруу жана күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун биринчи үч жылдык планы катары 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекепик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1 - пунктунда:
- бешинчи абзацындагы "окутуу мөөнөтү 10 айдан ашык эмес" деген сөздөр жана цифралар "окутуу мөөнөттөрү 1 жыл жана 2 жылдык" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "2 жана 3 жылдан өйдө" деген цифралар жана сөздөр "3 жылдык" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын биринчи курстарынын окуучуларына окуунун биринчи жарым жылдыгында стипендия учурдагы бааларын эске алуу менен, андан кийин окуунун жарым жылдык жыйынтыктары боюнча төлөнөт;".
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2024 · № 220
- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 токтому менен бекитилгенПоложение · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык…Постановление · 15.02.2006 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2024 · № 220
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтомуПостановление · 23.03.2012 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылынын 15-февралындагы № 96 " Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык…Постановление · 15.02.2006 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрели № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө Салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2003 · № 245 · Күчүн жоготкон