# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17577/edition/1115250/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96949

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-сентябры № 511 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобонун:

- 4-пунктунда:

- "10" цифралары "20" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын мекемелеринин биргелешкен иши тууралуу келишимдерге ылайык өлчөмдөрдө биргелешкен ишканалардын, өндүрүштөрдүн которууларынан;";

- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 7-пункттагы бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонддун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
