# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 504
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17576/edition/578716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96948

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-августу № 504 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсии: 38-берененин 3-пунктундагы "Евразия экономикалык шериктештигинин" деген сөздөр "Бажы союзунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө"' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьянын 4-абзацындагы "Евразия экономикалык шериктештигинин'' деген сөздөр "Бажы союзунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 8-беренедеги "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 9-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

4. Аталган мыйзамдын № 1 тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене, Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 1-январына чейин:

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик актыларды кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти
