# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 494 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 494 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 494
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17567/edition/576632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 494 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96939

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-августу № 494 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

1-берене. "Кыргьп Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2013-жылдын 29-октябры. № 87) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына жана Бажы союзунун лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленет.".

2. 9-беренеде:

- 1-пунктунун ''б'' пунктчасындагы "'чектелген мамлекттик ресурстарды пайдалануу» деген сөздөрдөн кийин "'жана тышкы соода операцияларын жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктунун "б" пунктчасындагы "11." цифрасы алып салынсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:

"в)өзгөчө лицензия.".

3. 15-беренеде:

- 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"57) курал-жарактарды жана аскердик техниканы, ошондой эле тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен аскердик багыттагы башка продукцияларды импорттоо, экспорттоо;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 59-пункт менен толукталсын:

"59) Евразиялык экономикалык коомчулуктун алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө Бажы союзуна катышуучу-мамлекеттер ташып келүүгө же ташып чыгууга тыюу салынган же чектөө коюлган товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген бөтөнчө товарларды импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө. ".

4. 17-беренеде:

- 1,7,16,17,35 жана 36-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-пунктундагы "ташып келүү, ташып чыгаруу" деген сөздөр алын салынсын.

5. 20-берененин 5-болугу "эсептелинет" деген сөздөн кийин ". буга ушул Мыйзамдын 15-беренесннин 36-пунктунда жана 17-беренесииин 11-пунктунда каралган лицензиялар жана уруксаттар кирбейт." деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президент
