# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 491
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17535/edition/685847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96906

---

КР Ѳкмѳтγнγнγ 2015-жылдын 16-ноябры № 771 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-августу № 491 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы “маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана” деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
