Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 декабря 2015 года № 819 "О Государственном агентстве по делам молодежи, физической культуры и спорта при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-02.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-августу № 486 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он биринчи - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: «- белгиленген тартипте Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын улуттук реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу ишин жүргүзгөн адамдарды каттоого алат.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасында:
«Кыргыз Республикасынын Түштүк регион боюнча дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубу» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын түштүк регион боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги беш айлык мөөнөттө «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорунун ортосундагы коллизияларды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна 1-тиркеме)Положение · 20.02.2012 · № 125
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 125 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 125 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон