Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 27-августу № 487 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. оторбаев
Проект
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын-алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;".
2. 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"З2) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн;".
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасьгаьш Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171) этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;".
2. 41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 102-пункт менен толукталсын:
"102) этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;".
3. 43-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдей мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн.".
4. 47-берене төмөнкүдөй мазмундагы 92-пункт менен толукталсын:
"92) этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;".
5. 49-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 4441-V "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация…Постановление · 12.11.2014 · № 4441-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-мартындагы № 4878-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө («Жергиликтүү мамлекетик администрация…Постановление · 12.03.2015 · № 4889-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 4767-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация…Постановление · 05.02.2015 · № 4767-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон