# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 475
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96880>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17510/edition/913575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96880.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96880

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-августу № 475 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын спорттук аброюн эл аралык аренада чыңдоо, спорттук натыйжаларга жетүүгө шыктандыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- токтом төмөнкү мазмундагы 21- пункт менен толукталсын:

"21. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине сый акы берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин чегинде сый акыларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
