# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы, № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы, № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17481/edition/1144991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы, № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтому (25.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96812

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-августу, № 462 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-декабры № 747, 2015-жылдын 29-декабры № 893 , 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомдорунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүшүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө убактылуу жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

- (2-абзацы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
