Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-02-03.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-августу № 456 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык) Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзүүнүн механизмин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жободо:
- 6-пункттун экинчи абзацы “экологиялык,” деген сөздөн кийин “суу”, деген сөз менен толукталсын;
- 7-пунктундагы:
1-пунктчасы: төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу – жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын: “- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө чарбалык субъектилер тарабынан (пансионаттар, санаторийлер, эс алуу үйлөрү ж.б.) суу аттракциондорун пайдаланууга берүүдө, суу транспортун киреге алууда, жээктеги кум жээк зоналарын кармоо, көлмөлөрдө коопсуз сууга түшүүчү жерлерди тосуу боюнча коопсуздук талаптарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган юридикалык жана жеке жактардын – суу пайдалануучулардын укуктарынын;
- кемелердин жүрүшүн каттоонун, эсебин алуунун, кеме журналдарын ачуунун, кемелерди, алардын токточу жайлары үчүн базаларды (курулмаларды) жана суу чарба тутумдары, курулмалар үчүн бөлүнгөн суу фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу боюнча техникалык көзөмөлдөөнүн эрежелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык укуктарынын жана ченемдеринин;
төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы – элүү тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
- ченемдик документтердин талаптарына ылайык суу пайдалануунун көз карандысыз субъектилеринин менчигиндеги жана башкаруусундагы, ошондой эле муниципалдык менчигиндеги суу чарба инфратүзүмүнүн объектилерин күтүүнүн камсыздалышына;
- уруксатсыз суу пайдалануунун, курулуштарын, суу чарба курулуштарын жана суу фондунун курулмаларын куруу, зыян келтирүү, аларды пайдаланууга берүүнүн коопсуз иштөөсүнүн ченемдерин жана эрежелерин бузуу фактыларын аныкталышына;
- курулуш, жээктерди коргоо, суунун түбүн тереңдетүү иштерин, жүргүзүшүнө кум-шагыл таш материалдарынын казып алышына, суу объектилеринде кабельдердин, түтүктөрдүн жана башка коммуникациялардын төшөлүшүнө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сууда сүзүүчү каражаттардын алардын токтоочу жайлары үчүн базаларды (курулмалардын) курулушуна жана пайдаланышына техникалык контролдоо жүргүзүлүшүнө;
- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи – жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“- сүзүүчү каражаттарды жана алар токтоочу жайлар үчүн базаларды курулмаларды каттоо, кайра каттоо иштерин жүргүзөт, алардын пайдаланууга берүүгө жарактуулугун күбөлөндүрүү;
- суу-транспортунун реестрин, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелердин сууда сүзүү коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү портторду, базаларды жана курулмаларды коопсуз пайдаланууну камсыздоо маселелери боюнча иштердик субъектилерин ишин каттоону жүргүзөт;
- суу транспорт процесстерин контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте иш жүргүзөт;
- тиешелүү органдар менен бирге төмөнкүлөр боюнча иш чараларга катышат:
суу объектилеринин техникалык абалынын бузулушунун алдын алуу; суу чарба курулмаларынын техникалык абалын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыздоо;
- жер кыртышынын күрдүүлүгүнө, ирригациялык инфратүзүмгө өнөр жайжана жарандык обьектилерге суулардын зыяндуу таасиринин алдын алуу;
дарыялардын, көлдөрдүн каналдардын жана суу сактагычтардын суу режимин жакшыртуу;
3. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы:
- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПоложение · 08.12.2009 · № 746
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 20.02.2012
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз…Постановление · 04.07.2012 · № 466 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2016 · № 436 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 436 токтомуПостановление · 08.08.2016 · № 436
Шилтеме берет (4)
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө ЖОБО " (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген)Постановление · 09.08.2016 · № 436
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 68
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасывын Травспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Мамлекеттик суу транспорт инспекциясынын маселелери"токтомуПостановление · 11.05.1999 · № 249
- КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 746 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2012 · № 466 · Күчүн жоготкон