Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-августу № 477 Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун БОМКА Өнүктүрүү Программасы (Орто Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармасынын өкүлү менен жетишилген келишимдердин негизинде төмөнкү унаа каражаттарын “мамлекеттин пайдасына баш тартуу” бажы режиминде тариздесин:
- “Мицубиси-Паджеро” маркасындагы, 2011-жылы чыгарылган, шасси № JMYLRV95WВJ708129, кыймылдаткычынын № 6G74ХJ9962, кыймылдаткычынын көлөмү 3495 см3, өңү күмүш түстүү автоунааны;
- “Мицубиси-Паджеро” маркасындагы, 2011-жылы чыгарылган, шасси № JMYLRV95WСJ704485, кыймылдаткычынын № 6G74ХР2787, кыймылдаткычынын көлөмү 3495 см3, өңү ак түстүү автоунааны;
- “Ниссан-Террано” маркасындагы, 2004-жылы чыгарылган, шасси № VSKBR45 CX4A550553, кыймылдаткычынын № KA24166658A, кыймылдаткычынын көлөмү 2,4 см3, өңү ак түстүү автоунааны;
- “ВАЗ-2123” маркасындагы, 2010-жылы чыгарылган, шасси № Х9L212300В0320747, кыймылдаткычынын № 9276404, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3, өңү ак түстүү автоунааны;
- “ВАЗ-21214” маркасындагы, 2010-жылы чыгарылган, шасси № 91921734, кыймылдаткычынын № 9276404, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3, өңү ак түстүү автоунааны;
- “ВАЗ-21214” маркасындагы, 2010-жылы чыгарылган, шасси № 1986987, кыймылдаткычынын № 9375682, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3, өңү ак түстүү автоунааны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын баалоону жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Инструкция по применению таможенных режимов ( Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон