# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 476 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 476 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 476
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17464/edition/576509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 476 "Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" токтому (22.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96770

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-августу № 476 Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссариатынын Башкармасынын арызынын негизинде, “КАМАЗ-74011” маркасындагы, 2001-жылы чыгарылган, кузовунун № 0000773, кыймылдаткычынын № 24018302, мамлекеттик номери КGBM2280 автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны мамлекеттин менчигине өткөрүп алсын;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааны белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга өткөрүп алсын жана автоунаанын наркына баалоо жүргүзсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
