# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 439
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17452/edition/1079825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (21.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96754

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-августу № 439 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык) Бала асыраган ата-энелердин эмгегине акы төлөө маселелерин жана баланы багууга кеткен чыгымдарды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарда:

- 14-пункттагы ", бирок календарлык 6 айдан көп эмес" деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"16. Бала мекемеге Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жиберилет.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна тиркеме

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
