Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 428 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Мамлекеттик административдик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жана тестирлөө жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:
17-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- мамлекеттик административдик кызматтын бош орундарына талапкерлерди Тестирлөө борборунда же анын филиалдарында негизги жана предметтик тесттен өткөрүү. Предметтик тесттер конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Предметтик тесттер мамлекеттик органдар бекитишкен ар бир кызмат оруну боюнча квалификациялык талаптарга жана кызматтык милдеттерге ылайык келүүсү керек. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болжолдуу предметтик тесттерди жооптордун варианттарын көрсөтпөстөн, мамлекеттик органдарга өздөрүнүн веб-сайттарында жарыялоо үчүн жиберет;"; 23-пунктта:.
- экинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик органдын ишин теске салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алган болжолдуу предметтик тесттерди жооптордун варианттарын көрсөтпөстөн веб-сайтына жарыялайт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмеги конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмеги менен бирдей болушу жана ар бир кызмат оруну боюнча квалификациялык талаптарга жана кызматтык милдеттерге ылайык келиши керек.";
- 36-пункттун экинчи сүйлөмү ", ошондой эле конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунуш кылынган адамды мамлекеттик административдик кызмат орунга дайындоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин 3 иш күндүн ичинде ал буйрук мамлекеттик органдын веб-сайтында жайгаштырылат." деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик административдик кызматынын бош орундарын ээлөөгө талапкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
мамлекеттик тилдеги текстинин 3-пунктунда "жана квалификациялык конкурстан өткөрүүнүн" деген сөздөр алып салынсын, 9-пунктта "тандап алууну, аттестация өткөрүүнү жана квалификациялык конкурста" деген сөздөр "тандап алууда, аттестация өткөрүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "10. Тесттик суроолордун негиздерин иштеп чыгуу, түзүү жана аны жаңыртып туруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү адистерди тартуу менен ишке ашырылат."; 12-пункттун бешинчи абзацы "- негизги" деген сөздөн кийин "тест үчүн болжолдуу" деген сөздөр менен толукталсын; 15-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- тесттик суроолордун базасын иштеп чыгуу, түзүү жана жаңылап туруу;";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
16-пунктта:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
- алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик органдын ишин теске салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин, ошондой эле предметтик тест үчүн болжолдуу тесттерди жооптордун варианттарын көрсөтпөстөн мамлекеттик органдын веб-сайтына жайгаштыруу;
- предметтик тесттерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегин макулдашуу. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмеги конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмегине бирдей болушу зарыл жана ар бир кызмат оруну боюнча квалификациялык талаптарга жана кызматтык милдеттерге ылайык келүүсү керек;";
21-пунктта "(жүйөлүү себептери болсо)" деген сөздөр "(жүйөлүү себептери болсо, бирок 15 мүнөттөн көп эмес)" деген сөздөргө алмаштырылсын; 22-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик административдик кызматынын бош орундарын ээлөөгө талапкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу…Положение · 29.11.2011
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө Убактылуу…Положение · 29.11.2011
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2011 · № 741 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон