# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17450/edition/1258449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96751

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-июлу № 420 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688, 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:

- 1.2-милдетинде:

1-пункттагы "1-апрелине чейин" деген сөздөр жана цифралар "30-сентябрына чейин" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын; 4-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин; -1.4-милдеттин 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 3.1-милдеттин 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 9-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 10-пункттагы "I" жана "II" деген цифралар иретине жараша "III" жана "IV" деген цифраларга алмаштырылсын.

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктта "үч айлык" деген сөздөр "алты айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 "2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планында:

- 21- жана 52-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 41-пунктта "апрель" деген сөз "сентябрь" деген сөзгө алмаштырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
