# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 427 "2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 427 "2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17442/edition/962999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 427 "2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому (31.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96733

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 427 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө Туруктуу эпидемиологиялык бейпилдикти кармоо, безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу жана элиминациялоодон кийинки мезгилдин натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программа;

- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата иш-чаралар планы.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышын жалпы координацияласын.

3. Министрликтерге, административдик ведомстволорго, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча):

- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата чараларды көрүшсүн;

- ар бир жарым жылда, отчёттук мезгилден кийинки айдын10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчётту берип турушсун.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-июнундагы № 488 «Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун чаралары жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө» токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
