Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 июля 2019 года № 384 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-07-31.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 427 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө Туруктуу эпидемиологиялык бейпилдикти кармоо, безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу жана элиминациялоодон кийинки мезгилдин натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программа;
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышын жалпы координацияласын.
3. Министрликтерге, административдик ведомстволорго, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча):
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылда, отчёттук мезгилден кийинки айдын10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программанын жана аны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчётту берип турушсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-июнундагы № 488 «Кыргыз Республикасында безгек оорусуна чалдыгууга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун чаралары жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө» токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 384
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча ПрограммаПрограмма · 31.07.2014 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 12.05.2006 · № 348 · Күчүн жоготкон
- 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекке каршы күрөшүүнүн УЛУТТУК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 токтому менен…План · 12.05.2006 · № 348 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 июня 2004 года № 488 " О мерах борьбы и профилактики заболеваемости малярией в Кыргызской Республике "Постановление · 30.06.2004 · № 488 · Күчүн жоготкон
- 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында безгек оорусунун жергиликтүү жугушунун кайра башталышынын алдын алуу боюнча программаны ишке ашырууга карата Иш-чаралар планыПлан · 31.07.2014 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2019 · № 384
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 348 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 12.05.2006 · № 348 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 июня 2004 года № 488 " О мерах борьбы и профилактики заболеваемости малярией в Кыргызской Республике "Постановление · 30.06.2004 · № 488 · Күчүн жоготкон