КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-августу № 434 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин 201-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамада:
1. 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
- "Жеке адамдар тарабынан коштолуучу жүк менен ташылып келген 2000 кг же 1500 литрден ашпаган сандагы товарларга карата бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө жыйымдар алынат жана ЖФ-БКОну колдонуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген алынып келүүчү товарлардан тизмесине ылайык бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү коюму колдонулат.";
- 5.1-пунктунда:
- экинчи абзац "БКОну" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ЖФ-БКОну" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жеке адамдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген алынып келүүчү товарлардын тизмесине кирген, өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн арналган, наркы 40000 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган товарларга карата ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө жыйымдар жана 1 кг үчүн - 1 АКШ доллар өлчөмүндө бажылык алымдар менен салыктардын бирдиктүү коюму алынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2015-жылдын 10-августунун № 564 токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 564
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2004 года №976 "Об утверждении Инструкции о перемещении товаров и автотранспорта через государственную границу Кыргызской Республики…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон