# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 421 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 421 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 421
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7353/edition/572518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 421 "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (24.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96727

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-июлу № 421 Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Расмий статистика чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
