# КР Ѳкмөтүнүн 2001-жылдын 20-январындагы № 14 "Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмөтүнүн 2001-жылдын 20-январындагы № 14 "Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17435/edition/1170130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмөтүнүн 2001-жылдын 20-январындагы № 14 "Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96721

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2001-жылдын 20-январы № 14 Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу "Антидемпинг жөнүндө", "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө, VI ГАТТ 1994 статьясын колдонуу жөнүндө макулдашууларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Компенсациялануучу субсидияларды аныктоо боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жана териштирүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссияга жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.Бакиев
