# КР Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 5-марты № 112 "«Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ Визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 5-марты № 112 "«Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ Визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17431/edition/570832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 5-марты № 112 "«Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ Визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ" токтому (05.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96716

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2013-жылдын 5-марты № 112 «Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ Визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ токтом кылат:

1. «Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргызз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγң расмий ѳкγлγ болууга дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ визасыз

режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизγγ тууралуу

1-берене Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Айрым мамлекеттердин жарандары γчγн 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ визасыз режим киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2012-жылдын 7-июлу, №65) тѳмѳнкγдѳй толуктоо киргизилсин: Аталган Мыйзамдын тиркемеси тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын: «45.Япония». 2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Япониянын ыйгарым укуктуу органына ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жана анын жарандарына 60 кγнгѳ чейинки мѳѳнѳткѳ бир тараптуу визасыз режим киргизилип жатканы жѳнγндѳ белгиленген тартипте билдирсин. 3-берене Бул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
