# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 693
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17426/edition/880863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96710

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-ноябры № 693 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "Мамлекеттик бажы комитетине" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускамада:

2-пункттагы "Мамлекеттик финансылык полиция кызматы," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик бажы кызматы," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
