Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн УӨ № 65 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-апрелиндеги № 8 „Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 3-июну УӨ № 65 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-апрелиндеги N 8 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-апрелиндеги № 8 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн регламентинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Убактылуу Өкмөттүн жыйындарында талкуулоонун зарылдыгы болбогон айрым маселелер боюнча Убактылуу Өкмөт жыйын өткөрбөстөн эле сурамжылоо иретинде чечим кабыл алышы мүмкүн. Мындай учурларда Убактылуу Өкмөттүн актыларынын долбоорлору Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылат. Убактылуу Өкмөттүн кароосуна сурамжылоо иретинде киргизилген актылардын долбоорлору ушул Регламенттин 8-пунктунда аныкталган шарттарды сактоодо кабыл алынды деп эсептелет. Сурамжылоо иретинде сын-пикирлер жана сунуштар киргизилген чечимдер кабыл алынат. Актынын долбоору сын-пикирлери менен бирге макулдашылса жана бул сын-пикирлерди иштеп чыгуучу киргизбесе, актынын долбоору Убактылуу Өкмөттүн жыйынынын кароосуна киргизилет.";
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бюджеттин кирешелерине же чыгашаларына таасир тийгизүүчү актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылат.";
- 43-пункттагы "Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 31-45-пункттарынын номерлөөсү 30-44 деген номерлөө менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-апрелинин №8 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Регламентин бекитуу жвнундв" токтомуПостановление · 10.04.2010 · № 8
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- О порядке рассмотрения предложений, заявлений и жалоб гражданЗакон · 05.07.1995 · № 8-1 · Күчүн жоготкон