# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 407
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17415/edition/572508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96698

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-июлу № 407 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик ишканалардын негизги каражаттарын эсептен чыгаруунун тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жободо:

- 6-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик ишканаларга негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга макулдук берүү;".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
