# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 429
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17410/edition/1034279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96693

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 429 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын административдик мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

«31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (административдик мамлекеттик кызматчылар).».

2. Бул токтом 2014-жылдын 1-апрелинен баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
