# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 424
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17409/edition/566956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (25.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 25-июлу № 424 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-февралындагы № 74 “Коммерциялык сырды түзбөй турган маалыматтардын тизмеси жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-апрелиндеги № 173 “Кыргыз Республикасынын граждандарынын айрым категорияларын анык аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-мартындагы № 161 “Салык, дагы башка милдеттүү төлөм, анын ичинен салык төлөмдөрдөн мүлкүн алып коюу аркылуу убагында төлөнбөгөн салыкты төктүрүүнүн методикасы тууралуу жобону бекитүү жана болжолдуу кирешени аныктоонун тартиби жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-апрелиндеги № 212 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик экологиялык экспертизасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 3-октябрындагы № 413 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлерине бир сапаркы пособиени жана тарткан материалдык зыянын төлөп берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтому.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
