# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 386 "Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 386 "Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17401/edition/566933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 386 "Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96681

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-июлу № 386 Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык мыйзамдык жөнгө салууга чейин археологиялык текшерүү жүргүзүү тартибин регламенттештирүү жана жол-жобосун белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Археологиялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык археологиялык текшерүүнү уюштурууну камсыз кылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Т.Сарпашев
