# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 385
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17400/edition/1165498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96678.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" (20.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96678

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-июлу № 385 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 260 токтомунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш мамлекеттик илим-изилдөө долбоорлоо институту эки институтка бөлүү жолу менен өзгөртүлүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту.

2. ( КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майндагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өзгөртүп түзүлгөн юридикалык жактын бөлүү балансын бир айдын ичинде бекитсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Биринчи вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Т.Сарпашев
