# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 418
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17397/edition/572699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96675

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-июлу № 418 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толоуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрү боюнча атоолорду жана түшүнүктөрдү бир түрдө пайдаланууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:

аталышындагы жана биринчи саптагы «(поселоктордун)» деген сөз алып салынсын; төмөнкү мазмундагы он биринчи сап менен толукталсын: «

Балыкчы

1

»

- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемесинин аталышындгы жана эскертүүсүндөгү «(поселоктордун)», «(шаарчалардын)» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
