Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-июлу № 406 «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ата мекендик айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен байланышкан жана байланышпаган, алкоголсуз суусундуктарды чыгарган ишканалардын экономикалык иштерин чектөө максатында, «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторунун 11.07 классы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
11.07
Алкоголсуз суусундуктарды чыгаруу; минералдык сууларды жана бөтөлкөлөрдөгү башка суул;арды чыгаруу Бул класска алкоголсуз суусундуктарды (алкогоголсуз пиволордон жана шараптардан башкалары) чыгаруу киргизилген:
- минералдык сууларды, натуралдык минералдык сууларды чыгарууну кошкондо, бөтөлкөлөргө куюу;
- улуттук суусундуктарды (максым ж.б.) чыгаруу;
- алкоголсуз суусундуктарды чыгаруу, жыпар жыттуу жана/же кант кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды чыгаруу (лимонад, оранжад, кола, мөмө-жемиш суусундуктары, тоник ж.б.).
Бул класс төмөнкүлөрдү камтыбайт:
- жашылчалардан жана меме-жемиштерден ширелерди чыгаруу (10.32);
- сүттөн жасалуучу суусундуктарды чыгаруу (10.51);
- кофе, чай жана матэнин базасында суусундуктарды чыгаруу (10.83);
- алкоголдук суусундуктарды чыгаруу (11.01-11.05);
- алкоголсуз шараптарды чыгаруу (11.02);
алкоголсуз пиволорду чыгаруу (11.05);
- муз чыгаруу (35.30);
- бөтөлкөлөргө куюу (46.34 же 82.92 - эгерде бул иш сый акы үчүн же келишимдик негизде ишке ашырылса).
11.07.1
Минералдык сууларды бөтөлкөлөргө куюу, өндүрүлгөн натуралдык минералдык сууларды кошо
11.07.2
алганда.
11.07.3
Улуттук суусундуктарды (максым ж.б.) чыгаруу. Жыпар жыттуу жана/же кант кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды (лимонад, оранжад, кола, жашылча суусундуктары, тоник ж.б.) чыгаруу.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2011 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин…Постановление · 22.07.2014 · № 409 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2011 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон