# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 405
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96667>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17389/edition/565974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96667.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (22.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96667

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-июлу № 405 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Аскердик кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 «Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөөжөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «бакалавр» академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмесиндеги:

мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын; «аскердик билим берүү» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: «

770200

Чек ара иши

Бакалавр

»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмесиндеги:

мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын; «аскердик билим берүү» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: «

770200

Чек ара иши

Магистр

»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө «адис» квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмесиндеги мамлекеттик тилдеги аталышынын текстинде «тизмеси» деген сөз «тизмеги» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
