# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 «Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 «Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 404
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17388/edition/563134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 «Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (21.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96666

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-июлу № 404 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 «Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Атайын интернат-мектептердин, санатория тибиндеги интернат-мектептердин жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын инфляциялык процесстредин шарттарында социалдык коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 «Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 3-пункттагы «65» деген цифралар «110» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 4-пункттагы «41» деген цифралар «110» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 6-пункттагы «санаториядан тышкары» деген сөздөр алып салынсын; «65» деген цифралар «110» деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды 2014-жылы «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган өздүк каражаттардын чектеринде жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
