# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 399 «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 399 «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17385/edition/562978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 399 «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (16.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96663

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-июлу № 399 «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене. 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу депозитарий болуп саналган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
