Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-июлу № 399 «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу депозитарий болуп саналган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 5105-V "2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда…Постановление · 20.05.2015 · № 5105-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1269-VI "2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын…Постановление · 19.01.2017 · № 1269-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 1277-VI "2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын…Постановление · 25.01.2017 · № 1277-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөЗакон · 01.03.2017 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон