# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлу № 395 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлу № 395 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 395
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17383/edition/651139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлу № 395 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" (15.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96661

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-июлу № 395 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 8-бер.) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 8-берененин 4-пункту төмөнкү мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын: "7) бажы жана тышкы соода саясатын жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - өз милдеттерин аткаруу үчүн.".

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
