# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 390
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17382/edition/562740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96660

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 15-июлу № 390 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелерин натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо: 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- Министрликтин мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чиндерди берет;

- ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды чектөө жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн Министрликтин ведомствого караштуу жана аймактык бөлүнүштөрүнүн (биргелешкен отряддарынын) жана айрым кызмат адамдарынын убактылуу болуучу ордун (дислокациясын) аныктайт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
