# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 572
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17377/edition/969623/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (27.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96654

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-августу № 572 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү тартибин белгилөө, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" жана 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин кызматкерлеринин кызматтык маяналары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) Кыргыз улуттук "Манас-Ордо" комплексинин типтүү чектелген штаты колдонулуудагы штаттык сандын чегинде белгиленет - 77 бирдик.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун № 13 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
