# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17364/edition/1108581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96640

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-июлу № 380 Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

182-пункттагы “43” цифралары “50” цифралары менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргызстан элдер ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен иштөө боюнча кайра түзүлүүчү бөлүмдү 2014-жылга каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планынын алкагында каралган финансы каражаттарынын эсебинен караштырсын;

- 2015-жылдан тартып Кыргызстан элдер ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен иштөө боюнча кайра түзүлүүчү бөлүмдү каржылоого республикалык бюджеттен финансы каражаттарын караштырсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
