# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 374
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17359/edition/559103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токому (07.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96632

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-июлу № 374 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Аталышындагы “убактылуу” деген сөз алып салынсын; 1-пунктундагы “убактылуу” деген сөз алып салынсын; 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелеринде”: бүткүл текст боюнча жана тиркемелеринде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “убактылуу эрежелери” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “эреже” деген сөзгө алмаштырылсын; бүткүл текст боюнча жана тиркемелеринде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “сынак”, “сыноо” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “конкурс” деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “- байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү маселелерин”; 29-пункттун экинчи абзацындагы “каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн Автоташуучуларды аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө” деген сөздөр “Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө (бул Эрежелердин 19-тиркемеси)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 32-пункттун үчүнчү абзацындагы “узундугу 60 чакырымдан ашкан шаарлар аралык жана эл аралык каттамдар үчүн” жана “, ал эми тоолуу жерлерде - 5 жылдан кем эмес” деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- 103-пункттун биринчи абзацындагы “5” деген цифра “3” деген цифрага алмаштырылсын;

- 151-пункттун он төртүнчү абзацындагы “лицензияда көрсөтүлгөн каттамдын багытына карабастан” деген сөздөр “бул каттам боюнча автобустардын иш графигинде көрсөтүлгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы, 19-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 429 “Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом 2014-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
