Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-июлу № 371 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Банги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 2013-жылдын 15-марты, № 20) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 9-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"7) эгерде администрациялык укук бузгандыгына же кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, багажын, автоунаа каражаттарын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын, буюмдарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга;";
- төмөнкүдөн мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте банги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул берененин 71-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүу негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автоунаа каражатынан табылган банги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюм заттар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө банги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүндүрүлөт.".
2-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2,116-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 12-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"банги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен; жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;";
- 5-бөлүк "ички иштер," деген сөздөрдөн кийин "банги заттарды контролдоо, жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1.151-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"банги заттарды контролдоо боюнча кызматтын катардагы кызматкери (курсанты);".
2. Мыйзамдын тиркемесинин "Банги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар" графасынын "Кенже аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар" бөлүмүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"банги заттарды контролдоо кызматынын катардагы кызматкери (курсанты);".
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 4726-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.01.2015 · № 4726-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4846-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды…Постановление · 04.03.2015 · № 4846-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 4435-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүу жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.11.2014 · № 4435-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндөЗакон · 11.03.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон