# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 366
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17348/edition/761131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96620

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-июлу № 366 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:

24-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: «- соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.»; 39-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы - тогузунчу абзацтар менен толукталсын: «Республикалык маанидеги шаардын, райондун чек арасынын чегинде мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкер жөнүндө маалыматты макулдашуу үчүн республикалык маанидеги шаардын мэрине, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акимине бир жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберет. Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болгондугу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө мамлекеттик органдын статс-катчысына (аппарат жетекчисине) эки жумушчу күндүн ичинде жиберет. Республикалык маанидеги шаардын мэринен, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынан - райондун акиминен конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макулдук алгандан кийин мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси) бир жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине аны дайындоо жөнүндө сунуштама киргизет. Республикалык маанидеги шаардын мэри, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - райондун акими конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерди дайындоого макул болбогон учурда акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кабыл алынат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
