# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17347/edition/1045503/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (16.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96619

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-июлу № 363 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын толук баалуу жана үзгүлтүксүз тамактануусун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда, Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченемин сактоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен компенсацияласын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
